Ташиев менен Абдыбахаповдун мушташы боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКамчыбек Ташиев. Архив
Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, алардын мушташы кайым айтышуудан чыккан.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосундагы мушташ боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренесине (Байбашчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИББ билдирди.

Камчыбек Ташиев менен Абдыманап Абдыбахаповдун ортосундагы жаңжалдын чоо-жайы
Эске салсак, бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) 26-сентябрда түштөн кийин Сузак районунун Бек-Абад айылында Ташиев менен Абдыбахаповдун ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жетип, токмок жеген Абдыбахапов ооруканада экенин жазып чыгышкан.

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын Жалал-Абад облусу боюнча штабынан билдиришкендей, Абдыбахапов Жалал-Абад шаардык оорукананын травматология бөлүмүндө жатат. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Экспертизалардын жыйынтыгы бүгүн чыгарын, ага ылайык, тийиштүү органдар иш алып бара турганын штабдан кошумчалашты.

"Республика – Ата-Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев Абдыбахапов менен мушташпаганын айтып, бул аны каралоого болгон аракет экенин ЖМКларга билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0