Тажикстандын ИИМи козголоңчу генералдын жок кылынгандыгын тастыктады

Жазылуу
Ромит капчыгайындагы атайын операцияда Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода жана анын шакирти, аталган министрликтин полковниги Жунайдулло Умаров жок кылынды.

БИШКЕК, 16-сен — Sputnik. Тажикстан ИИМи козголоңчу генерал, коргоо министринин мурдагы орун басары жок кылынгандыгын тастыктады. Бул туурасында ИИМдин Тажикстандын мамлекеттик телеканалы аркылуу берилген расмий маалыматында айтылды. 

Буга чейин ИИМ Ромит капчыгайындагы атайын операцияда Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода жана анын шакирти, аталган министрликтин полковниги Жунайдулло Умаров жок кылынгандыгын билдирген. Аны менен кошо бандалык топтун сегиз мүчөсү жок кылынган. 

"Ромит капчыгайындагы атайын операцияда Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода жана анын шакирти, аталган министрликтин полковниги Жунайдулло Умаров жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.

Аскер кызматкерлери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Тажикстанда Назарзоданын тобун кармоо операциясы уланууда
2015-жылдын 7-сентябрында таңга маал Вахдаттын Ички иштер бөлүмүнө кол салынып, ошол эле күнү Душанбеде Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынан ири көлөмдөгү курал уурдалып, ИИМ муну да куралдуу кол салуу деп атаган. 

Ошол эле убакта аэропорттун бурулушунда куралдуу күчтөр менен милициянын ок атышуусу болгон. 

Душанбеде кол салуу учурунда Тажикстандын ИИМ жана коргоо министрлигинин 33 кызматкери жана мурдагы министрдин орун басарынын жактоочуларынан турган топтун тогуз кишиси өлгөнү жөнүндө жума күнү Коргоо министрлигиндеги маалымат булагы билдирген.

ИИМдин маалыматына ылайык, кол салууну коргоо министринин мурдагы орун басары, "кылмыш иштери" үчүн президент тарабынан бир жума мурун кызматтан алынган Абдухалим Назарзода башкарган. 

Назарзоданын тобундагыларды табуу жана жок кылуу боюнча атайын операция башталгандан тарта 130 тарапкери кармалып, 20дан ашыгы жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0