БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жайыл районунда унаа коюп кеткен 50 жаштагы аял ошол жерден каза болгонун Чүй ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында болжол менен кечки саат сегизде Бишкек – Чалдыбар автожолунун 55-чакырымында айдоочу Полтавка айылынын тургунун урдуруп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Алган жаракаттарынан аял каза болгон. Кийинчерээк жол кырсыгына шектелип 35 жаштагы жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалды.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.