БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек – Ош унаа жолунун 444-чакырымында күйүүчү май ташыган "Фура" үлгүсүндөгү унаа менен "Хонда-Одиссей" кагышып, жеңил унаанын айдоочусу 33 жаштагы Дөлөнөв атуу жаран каза болгонун ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын ээси Атабеков эч кандай жаракат алган эмес. Ал эми каза болгон жарандын Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Лоола айыл аймагынын экени аныкталып, алдын ала маалымат боюнча анын мас абалында экенин болжолдонууда.
Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар Дөлөновдун денесин машинадан чыгарып беришкен.