БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.
Атамбаев ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.