4-кабаттан кулап кеткен 6 жашар кыргызстандык кызды жолоочу сактап калды

© Мария Токмакова4-кабаттан кулап кеткен кызды терезеси.
4-кабаттан кулап кеткен кызды терезеси. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдай чоң энеси нанга чуркап чыгып кеткен кезде үйдө жалгыз уктап жаткан. Ойгонуп, эч ким жок экенин көргөн наристе коркуп, терезеден туугандарын чакырмакчы болгон. Обдулуп 4-кабаттан кулап кеткен кыз түз эле жолоочунун колуна түшкөн.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү Россиянын Тюмень шаарында жолоочу 4-кабаттан кулап кеткен кызды тосуп сактап калганын жергиликтүү "Наша газета" басылмасы жазып чыкты.

Кабарчылар кызды чоң энеси Баризат Китаева үйгө жалгыз таштап кеткенин аныкташкан.

"Мен Кыргызстандан бул жакта жашап жаткан балдарыма конокко келгем. Эртең менен улуу неберелерим мектепке, ата-энелери жумушка кетишип, мен Айдай менен калгам. Ал бала бакчага барбайт. Саат 9.30да уктап калганынан нан, сүт алып келе коёюн деп эшикти акырын жаап дүкөнгө чыгып кеткем. Мен келгиче Айдай ойгонуп, мени издей баштаптыр. Терезеге чыгып, айнектерди ачыптыр", — дейт чоң эне.

© Мария ТокмаковаРоссиянын Тюмень шаарында жолоочу 4-кабаттан кулап кеткен кызды тосуп сактап калган.
1/4
Россиянын Тюмень шаарында жолоочу 4-кабаттан кулап кеткен кызды тосуп сактап калган.
© Мария ТокмаковаКабарчылар кызды чоң энеси Баризат Китаева үйгө жалгыз таштап кеткенин аныкташкан.
2/4
Кабарчылар кызды чоң энеси Баризат Китаева үйгө жалгыз таштап кеткенин аныкташкан.
© Мария ТокмаковаӨзүнүн баласы менен сейилдеп жүргөн белгисиз жолоочу терезеге чыккан кызды көрүп, ошол жакты көздөй чуркап жөнөп, кызды сактап калган
3/4
Өзүнүн баласы менен сейилдеп жүргөн белгисиз жолоочу терезеге чыккан кызды көрүп, ошол жакты көздөй чуркап жөнөп, кызды сактап калган
© Мария ТокмаковаОкуяга күбө болгондордун айтымында, жолоочу эч ойлонбостон кулап келаткан кызды тосуп, соккудан жыгылып тизелеп калган.
4/4
Окуяга күбө болгондордун айтымында, жолоочу эч ойлонбостон кулап келаткан кызды тосуп, соккудан жыгылып тизелеп калган.
1/4
Россиянын Тюмень шаарында жолоочу 4-кабаттан кулап кеткен кызды тосуп сактап калган.
2/4
Кабарчылар кызды чоң энеси Баризат Китаева үйгө жалгыз таштап кеткенин аныкташкан.
3/4
Өзүнүн баласы менен сейилдеп жүргөн белгисиз жолоочу терезеге чыккан кызды көрүп, ошол жакты көздөй чуркап жөнөп, кызды сактап калган
4/4
Окуяга күбө болгондордун айтымында, жолоочу эч ойлонбостон кулап келаткан кызды тосуп, соккудан жыгылып тизелеп калган.

Өзүнүн баласы менен сейилдеп жүргөн белгисиз адам терезеге чыккан кызды көрүп, аны көздөй чуркап жөнөйт.

"Ал Айдайга "терезеден ары тур!" деп кыйкырыптыр. Неберем орусча билбегендиктен, анын айтканын түшүнбөй терезеден секирип кетип, түз эле тиги адамдын колуна түшөт. Ал киши биздин кызыбызды сактап калды", — дейт Баризат апа.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, тиги өтүп бараткан киши эч ойлонбостон кулап келаткан кызды тосуп, соккудан жыгылып тизелеп калган. Бул маалда ага жардам берүү үчүн дагы бир Андрей Витовский аттуу тургун келген.

"Мен окуяны өз көзүм менен көрүп жардам берүүнү чечтим. Коңшу подьездде досум жашайт. Ал бизге плед алып чыгып берди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеп, мындай учурда баланын үстүн жаап жаткырып коюу керектигин билем. Тигил же бул жери сынганы байкалган жок", — дейт Витовский.

Айдайдын чоң энеси бүгүн кечинде кызды сактап калган адамга барып ыраазычылык билдире турганын билдирди. Учурда 6 жаштагы кыздын абалы дурус. Наристенин эч жери жабыркаган эмес. Көп кабаттуу үйдөн кулаганы анын эсинде жок. 

Жаңылыктар түрмөгү
0