БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Биометрикалык каттодон өткөн 150 миң жаран шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясы тизмени кайра басып чыгарууга мажбур болуп жатканын БШК мүчөсү Надежда Давкина билдирди.
Давкинанын айтымында, тизмеге күн сайын өзгөртүүлөр кирип жатат, мында дал келбестиктер көбүнчө борбор калаада байкалууда. 20-августтан 8-сентябрга чейин тизмени жалпы республика боюнча жаңыртууга туура келген.
"Жаңы басылып чыккан тизмеге 100 миң адамдын маалыматы кошулду. Биз ар бир добуш берүүчү жаранга жашаган жери боюнча өзүн тизмеден текшерүүсүн сунуштайбыз", — деди Давкина.
Давкина биометрикадан өтүп, бирок тизмеден өзүн таппаган жаран Каттоо кызматы менен 119 номери аркылуу байланышып, чоо-жайын териштирип алуусу мүмкүн экенин белгиледи.
"Мындан тышкары, каалаган кошумча шайлоо участкаларына барып, №2 форма боюнча каттоодон өтүп, ошол жерден добуш берсе болот. Кошумча участкалардын даректери БШКнын сайтында жарыяланган", — деди адис.
Давкина биометрикалык маалымат 20-сентябрга чейин кабыл алына турганын кошумчалады.