БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматы жаңы кызматкерлерди издеп жатканын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирет.
Мекемеге нөөмөт бөлүмүнүн жетекчиси, рота командири, кадрлар тобунун ага инспектору, взводдун ага инспектору, инженер-инспектор, жол кырсыгына чыгуучу инспектор, канцелярия инспектору жана жол кайгуул кызматынын эки инспектору талап кылынат.
Талапкерлердин документтери 2015-жылдын 7-октябрына чейин Бишкек ШИИБ имаратында кабыл алынат. Жети күндүн аралыгында талапкердин жеке маалыматы текшерүүдөн өтүп, андан кийин сынактын шарты жарыяланат.
Конкурста жумушка алына турган адам дене күч даярдыгын көрсөтүп, тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн өтөт.
Талапкердин юриспруденция, укук таануу, жол жана унаа коопсуздугун уюштуруу боюнча жогорку билими, ошондой эле "А", "А1", "В", "В1", "С", "С1 категориядагы айдоочулук күбөлүгү болушу керек. Мындан тышкары, адистиги боюнчаэмгек күнү үч жылдан кем болбошу шарт.