Жогорку Кеңештин депутаты Режавалиев мандатынан айрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель кармаган киши. Архив
Портфель кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комитетинен билдиргендей, эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатынан баш тартуу тууралуу арыз жазган.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Абдулатип Режавалиевди мандатынан ажыратты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатынан баш тартуу тууралуу арыз берген. Режавалиев 2010-жылкы шайлоодо "Республика" партиясынан катышкан. Эми анын ордуна партиянын тизмесинде кезекте турган Асылбек Арапбаев келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0