Радиоактивдүү калдыктар сакталган жайга жакын аймактарга гранттык каражат бөлүнөт

© Фото / Рогожин МихаилАк-Тюз, Кыргызстан. Архив
Ак-Тюз, Кыргызстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миң-Куш айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн линияларды алмаштыруу каралса, Кажы-Сай айылы таза суу менен камсыз болот. Ал эми Ак-Түз айылы менен Орловка шаарчасынын суу түтүктөрү оңдолот.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Радиоактивдүү калдыктар сакталган жайларга жакын жайгашкан Орловка шаарын жана Миң-Куш, Кажы-Сай, Ак-Түз айылдарын өнүктүрүү боюнча бир катар гранттык долбоорлор ишке аша турганын ПРООНдун маалымат кызматы кабарлайт. 

Билдирүүгө ылайык, иш-чара ПРООНдун алкагында Россия тарабынан каржыланат. 

"Нарында өткөн жыйындын жыйынтыгы менен 25 миллион 626 миң сомдук 21 долбоор тандалып алынган. Аталган долбоорлор жергиликтүү коомчулук тарабынан сунушталып, аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Каражаттын билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерин оңдоо, таза суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, тейлөө кызматтарын түзүүгө жумшалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, Миң-Куш айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн линияларды алмаштыруу каралса, Кажы-Сай айылы таза суу менен камсыз болот. Ал эми Ак-Түз айылы менен Орловка шаарчасынын суу түтүктөрү оңдолот. Мындан тышкары, аталган аймактарда мөмө-жемиштерди өстүрүү, аларды сактоо жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө.

Долбоордун жалпы баасы бир миллион 476 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0