Президент эч жакка качпайт — Атамбаев президенттик шайлоо жөнүндө

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, бейшемби күнү мыкты деп табылган студенттерге президенттик стипендия жана мактоо грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы президенттин дарегине карата түрдүү айың-кептер такай айтыларын белгиледи.

"Президент кызматы аяктагандан кийин кайсы бир жакка качып кетпейт. Мен ушул өлкөдө, өзүмдүн мекенимде жашайм. Анткени ар бир жаран өз мекенинде гана бактылуу боло алат", — деди ал.

Президент ошондой эле чындык ар дайым жеңе турганын, ал жашоодогу негизги курал экенин кошумчалады.

Кыргызстандын эң мыкты 46 студенти президенттик стипендия катары 50 миң сомдон алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0