БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президенттин алдындагы мамлекеттик наам боюнча комиссия секретариатынын жооптуу катчысы Асел Кодуранова жана Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Бахтияржан Фаттахов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.
Тийиштүү буйруктарга президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-август күнү кол койду.
Аталган кызматкерлер 4 —октябрга белгиленген парламенттик шайлоого талапкер катары партия тизмелерине катталышкан.