БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бишкектин коомдук унааларында уурулук кылган жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирет.
Буга чейин аталган башкармалыкка борбор калаадагы маршруттук такси, автобус жана троллейбустарда 30-35 жаштардагы жаран жүргүнчүлөрдөн уюлдук телефон, төлөм карталарын жана капчыктарын уурдап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун тургуну кармалып, эки айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.