Манжа издери аркылуу уурунун 8 кылмышынын бети ачылды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДактилоскопия экспертизасы. Архив
Дактилоскопия экспертизасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз эки адам Военно-Антоновка айылында күч колдонуу менен 62 жаштагы жарандын буту-колун үйүнөн байлап, 100 миң сом жана 3200 доллар өлчөмүндөгү акчасын, үч миң долларга бааланган зер буюмдарын алып кетишкен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Манжа издери аркылуу бир адамдын сегиз ирет үй уурулугуна баргандыгы аныкталганын Бишкек ШИИБ кабарлайт.

Кишенчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы конуштарда уурулук менен алектенген жарандар кармалды
Билдирүүгө ылайык, башкармалыктын каракчылыкка каршы бөлүмүнө Чүй облусунда талап-тоноо, уурулук менен алектенген кылмыштуу топ тууралуу маалымат түшкөн. 

Иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкекте Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы тургуну кармалып, манжа издери аркылуу 2011-жылдан бери катталган сегиз кылмыш ишине катыштыгы бар экени аныкталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө анын Сокулуктагы үй уурулугуна тиешеси бар экени белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-июнунда болжол менен саат 10до европа улутундагы белгисиз эки адам Военно-Антоновка айылында күч колдонуу менен62 жаштагы жарандын үйүнөн буту-колун  байлап, 100 миң сом жана 3200 доллар акчасын, үч миң долларга бааланган зер буюмдарын алып кетишкен. 

Уурдалып бараткан киши буту багаждан чыгып калгандыктан куткарылды
Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери Россиянын 45 жаштагы жаранын жана Бишкектин 25 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн. 

Кармалган үч адам тең коюлган күнөөнү толугу менен моюндарына алышты. 

Учурда аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, алардын башка иштерге тиешелүүлүгү текшерилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0