БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Камакта жаткан Рахимжан Бурадинов тергөө жыйынтыгына макул эместигин билдирип каршылык көрсөтүү иретинде оозун тигип салганын Бишкек ШИИБ билдирет.
Бурадиновдун тергөөчүлөр кыйноо менен сурак жүргүздү деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын, анткени соттук-медициналык экспертиза айыпталуучунун денесине залал келтирилген эмес деген тыянак чыгарганын билдирди.
Ишкана ээсинин арызынын негизинде аталган жаран кармалып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын дагы бир катар кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Сурак учурунда, Бурадинов бардык күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган буюмдарды өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
ИИМ маалымат-аналитикалык борборунун билдирүүсү боюнча айыпталуучу 20 жашынан бери бир нече ирет соттолгону белгилүү болду.
Учурда тергөө органдары тарабынан Бурадиновдун күнөөсүн далилдеген материалдар чогултулуп, кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлдү. Мындай чечимге макул болбогон Бурадинов камакта жатып оозун тигип салган.