Түрк тилдүү мамлекеттерге орток телевизиондук канал түзүлөт

Жазылуу
2014-жылдын 5-июнунда Түркиянын Бодрум шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин 4-саммитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бирдиктүү түрк телевизиондук каналын ачуу демилгесин көтөргөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттерине орток эл аралык түрк телевизиондук каналы түзүлө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Казакстандын Астана шаарында түрк тилдүү мамлекеттерге мүчө өлкөлөрдүн маалымат министрлери жолугуп, эл аралык түрк каналын түзүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кыргызстандыктар дагы үч каналды бекер көрө алышат
Жолугушууда эл аралык түрк каналын түзүү боюнча координациялык кеңештин доклады угулуп, каналдын концепциясы каралды. Маалымат жана жалпыга маалымдоо каражаттары багытында кызматташуу, Түрк кеңешинин улуттук каналдарынын биргеликте иш алып баруусу талкууланып, кеңеш алкагындагы маалымат агенттиктеринин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Маалымат министрлеринин биринчи жолугушуусу Түрк кеңешинин башкы катчысы Рамил Хасановдун жетекчилиги менен өттү. Кыргыз делегациясын КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жетектеди.

2014-жылдын 5-июнунда Түркиянын Бодрум шаарында өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин 4-саммитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бирдиктүү түрк телевизиондук каналын ачуу демилгесин көтөргөн. Мындан улам атайы координациялык кеңеш түзүлүп, анын алкагында канал түзүүнүн негизги маселелерин чечилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0