БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Саясий партиялар съезддерин шайлоо фондундагы каражатка өткөрүшү керектигин Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
БШК белгилегендей, талапкерлерди көрсөтүүдө партиянын жыйынында баалуу белектерди берүү Жогорку Кеңешке депутаттыгына көрсөтүлгөндөрдү сатып алууга жатат.
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев күздө болуучу парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон. Үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат. Парламенттик шайлоодо 30 партия ат салышат.