Жамбыл облусунда жабыркагандардын экөө Кыргызстанга алынып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы №4 ооруканасы. Архив
Бишкек шаарындагы №4 ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-августта Казакстандын Жамбыл облусунда автобус менен жеңил автоунаанын кагышуусунан Кыргызстандын 4 жараны каза болуп, үчөө оор жаракат алган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жамбыл облусунун Приозерск шаарындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан үч адамдын экөө Кыргызстанга алынып келгенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Казакстанда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алынып келди
7-августта Казакстандын Жамбыл облусундагы Астана – Шымкент кан жолунун 405 чакырымында автобус менен жеңил автоунаанын кагышуусунан Кыргызстандын 4 жараны каза болуп, үчөө оор жаракат алган. Каза болгондордун сөөктөрү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилген

Шейшемби күнү, 11-августунда кечки саат 5:30да туугандары тарабынан Канатбек Адилбек уулу, Гулзина Жусуп кызы Кыргызстанга алынып келинип, Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылды. Ал эми Акжол Батыркулов ден соолугунун оордугуна байланыштуу Приозерск шаарында калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0