БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кемин — Ак-Түз автожолунда бир жүргүнчү каза болду деп билдиришти Чүй облустук ИИМдин башкы башкармалыгынан.
Кырсык 2015-жылдын 8-августунда кечки саат алтыдан өткөндө Кемин — Ак-Түз автожолунда катталган. "Фольксваген-Джетта" автоунаасынын айдоочусу машинаны башкара албай, жол жээгиндеги бетонду сүзүп алган. Натыйжада айдоочунун жанында бара жаткан 28 жаштагы киши алган жараттарынан көз жумган.