Дарыгер: Казакстандагы жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы оор

© Фото / пресс-служба МИД КРДарыгер: Казакстандагы жол кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы оор
Дарыгер: Казакстандагы жол кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы оор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан каза болгондорго Шу шаарында сот-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатканын Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын директору билдирди.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусунда болгон жол кырсыгынан жаракат алгандардын абалы өлүм менен өмүрдүн ортосунда экенин Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын директору Нурлан Шагиров Sputnik агенттигине маалымдады.

ӨКМ: Казакстандын Жамбыл облусунда болгон жол кырсыктан 4 кыргызстандык каза болду
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-августта эртең менен Астана – Шымкент кан жолунун 405-чакырымында автобус менен жеңил автоунаа кагышкан. Анын кесепетинен төрт кыргызстандык каза болуп, үчөө оор жаракат алган.

Шагиров билдиргендей, 41 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Гүлбайра Атамирзаева Россиянын аскер госпиталына жеткирилип, ал жактан каза болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү кырсык болгон жерден мүрт кеткен.

Дарыгердин айтымында, учурда каза болгондорго карата сот-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0