БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ишкер Райкан Алкановго бычак менен кол салган Гүлнара Амангелди кызы 13 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камалды. Бул кылмыш ишине тиешеси бар делген жашы жете элек дагы эки кыз шарттуу түрдө эки жылга үй камагына кесилди. Бул тууралуу Талас шаардык сотунан билдиришти.
2014-жылдын октябрында 15тен ашык бычак жеген 79 жаштагы Райкан Алканов Талас шаардык ооруканасына жеткирилген. Аны канжалап жаткан жеринен айдоочусу тапкан. Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Адам өмүрүнө кол салуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмышкатиешеси бар делип, 9-класстын окуучусу, ошондой эле 22 жана 32 жаштагы кыздар Бишкек шаарынан кармалып, Таласка жеткирилген.
ЖМКларга чыккан маалыматтарга ылайык, 79 жаштагы Райкан Алканов кыздарды зордуктоого аракет кылган болушу мүмкүн. Бирок бул маалыматты Алкановдун уулу Чыңгыз Алканов четке каккан.