БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунда машина коюп кетип, 71 жаштагы пенсионер каза болгонун Чүй облустук ИИБ билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 5-августта болжол менен кечки саат тогузда болгон. Чүй облусунун 56 жаштагы тургуну Алматы көчөсү менен келе жатып эки адамды коюп кеткен. Натыйжада 71 жаштагы пенсионер жана анын 15 жаштагы небереси аймактык оорукананын реанимациялык бөлүмүнө жеткирилген. Жабыркаган кемпир ооруканадан эсине келбей каза болду.
Учурда машина унаа токтотуучу жайга жеткирилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.