БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. "Кыргызфрукт" компаниясынын ээси Жалалидин Шакиров көзөмөл органдары дарбыздын товардык көрүнүшүнө кантип таасир кыларын жана Россия менен Казакстанда биздин жемиштерге кандай карашарын Sputnik агенттигине айтып берди.
— Ишкерлер демин ичине катып чек аралардын ачылышын күтүп турат. 4-августта казак лидери Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кириши жөнүндө документтерге кол койду. Демек, товар жүктөлгөн кыргыз унаалары биримдикке мүчө өлкөлөрдүн базарларын багындырууга жөнөрүнө саналуу гана күндөр калды. Силер да ошону күтүп жатасыңарбы?
— Биз күн мурун эле биримдиктин стандарттары менен иштей баштаганбыз. Азыр жемиштерди Россияга, Казакстанга жана Монголияга ташып жатабыз. Менин бизнесим өтө жөнөкөй схема боюнча жүрөт — фермерлерден алмурут, алма, жүзүм, шабдалы, дарбыз сатып алып, чет өлкөлөргө сатам. Азыр соода жакшы жүрүп жатат, биз жаңы эрежелерге ыңгайлашып көнүп алдык. Өлкө толук киргенден кийин мындан да жакшы болот деген ойдомун.
— Бизде, Кадамжайда аккредитацияланган, немис жабдуулары менен камтылган жакшы лаборатория бар. Анын сертификаттары ЕАЭБ өлкөлөрүндө да, Монголияда да кабыл алынат.
— Жашылча-жемиштер мурда кандайдыр бир текшерүүдөн өтчү беле?
— Мурда документтер көбүнчө досчосунан эле түзүлчү, эми болсо көпкө күтүүгө туура келип жатат. Көзөмөл органдары талааны да кыдырышат, кампаларды да карашат. Анализдерди болсо ал тургай, эки күндөн кийин чыгарып бериши мүмкүн. Жемиштин баары эле мынча убакыт чыдап тура бербейт. Мисалы, дарбыздар өзүнүн товардык кейпин жоготуп коёт. Бирок биздин ишкердик да дүйнөлүк стандартка жараша жүрүшү зарыл экенин түшүнөбүз. Мыйзамды сыйлашыбыз керек.
— Дүйнөлүк ченемдерге жараша жашоо кыйыныраак болсо керек…
— Кыргызстанда ишти цивилизациялык жол менен жүргүзө ала турганыбызды башка өлкөлөрдө түшүнсө дейм. Албетте, буга чыгым керек. Биз бирөө 104 сомдон кутуларды сатып алдык. Ага эки дарбыз батат. Бир чети, кымбат, бирок машинаны артын ачсаң, дарбыздар ирети менен турат. Көзүң сүйүнөт!
— Басма сөздөрдө Казакстан, Россия жана Белоруссия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода кагылышы жөнүндө көп маалымат бар. ЖМКлардын жазгандарына караганда, өлкөлөр өз өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн, түрдүү шылтоо менен экспорттук товарларды ташып кирүүгө бөгөт коюуда. Силерде ушундай болгонбу? Бизде өндүрүлгөн товарлар ал жакта канчалык суроо-талапка ээ?
— Дагы ишкерлер казак бажы кызматкерлерине даттанышат. Алар жөн эле асыла берет деген кеп бар. Андайга кабылгансыңарбы?
— Беш жылдан бери жемиш ташыйм, андайды байкаган эмесмин. Менин документтеримдин баары ордунда, жана баарын мыйзамга ылайык жасайм.