БИШКЕК, 27-июль — Sputnik. Байтик айылында Ала-Арча суусу көтөрүлүп, "Проектировщик" дача тилкесине өтүүчү көпүрөнү алып кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жээктерди бекемдөө иштерине бир экскаватор жана бир "ХОВО" самосвалы тартылган, бирок суунун чоңдугунан байланыштуу жумуш жүргүзүлгөн жок.
Буга чейин ӨКМ күн ысып, мөңгүлөрдүн эриши менен дарыялар нугунан чыгышы мүмкүн экендигин эскерткен.