БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Бишкектин санитардык-экологиялык инспекция кызматкерлери кезектеги рейд учурунда Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын жатаканасынан бир катар эреже бузууларды аныктаганын мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Инспекторлор Тыныстанов көчөсүндөгү КММАнын №8 жатаканасынын жумушчулары таштандыны туура эмес жерге – имараттын кире беришине таштап келишкенин маалымдашты.
Инспекция өкүлдөрү тарабынан прораб Туткучовго Администрациялык кодекстин 488-беренесинин негизинде протокол түзүлгөн. Мыйзамга ылайык, көчө көркүн бузган жарандарды коомдук жумуштарга тартуу менен, аларга 10 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 50 эсептик көрсөткүч көлөмүндө айып пул салынат.
Протокол Бишкектин Октябрь райондук администрациясына иликтөө үчүн жөнөтүлдү.