https://sputnik.kg/20260309/1100140974.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөлөрдө Кыргызстан экспорттогон канаттуу этине суроо-талап өсүүдөАмерикалыктар Трамптын кенже уулун Иранга жөнөтүүнү талап кылышуудаБеш шаарда 50 млн... 09.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-09T15:00+0600
2026-03-09T15:00+0600
2026-03-09T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/09/1100140808_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eacd1954c7a1a75bc476f48bd91c501b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөлөрдө Кыргызстан экспорттогон канаттуу этине суроо-талап өсүүдөАмерикалыктар Трамптын кенже уулун Иранга жөнөтүүнү талап кылышуудаБеш шаарда 50 млн. долларга абанын сапатын көзөмөлдөөчү 11 станция орнотулатАлдыда кененирээкКыргызстандын беш шаарына абанын сапатын көзөмөлдөөчү 11 станция орнотулат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Жогорку Кеңештин тармактык жыйынында билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алынууда. Станциялар Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Атага курулмакчы. "Мындан тышкары, абанын булганышын талдоо боюнча заманбап лаборатория жана маалымат борборун курууга керектүү документтерди даярдоо үчүн тендер өткөрүлүп жатат. Абанын сапатын ыкчам көзөмөлдөө үчүн эки мобилдик лаборатория сатып алуу боюнча да келишим түзүлдү", — деди Раимкулова.
Чет өлкөлөрдө Кыргызстан экспорттогон канаттуулар этине суроо-талап жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр өлкө 2,1 миң тонна куш этин экспорттогон. Бул мурдагы жылга караганда миң тоннага көп. Негизги кардарлардын тизмесинде ЕАЭБ өлкөлөрү сап башында: Россия — миң тонна; Казакстан — 800 тонна; Өзбекстан — 220 тонна; Тажикстан — 85 тонна. Статистикага канаттуулардын эти эле эмес, ич эти да (боор, бөтөгө, жүрөк) кирген.
Ирандын мунай сактоочу жайларындагы жардыруулар Кыргызстанда уулуу жаандын жаашын шартташы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин жыйынында билдирди. "Жарылуудан кийин химиялык заттар регионго тарап, биз жакка келе жатат. Бул уулуу жаанды шартташы мүмкүн. Көз салган киши барбы? Кооптуулуктун ыктымалдыгы канчалык? Кайсы региондор жапа тартат?" — деп суроо салды эл өкүлү. Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова министрлик мындай мониторинг жүргүзө албай турганын айтты. "Абаны автоматтык станциялар аркылуу көзөмөлдөгөн Гидрометеорология кызматы бар, мониторингди ушул мекеме жүргүзө алат", — деди ал.Эскерте кетсек, Тегеран менен Альборздогу мунай сактоочу жайлар авиасоккуга дуушар болгон. Ирандын Кызыл жарым ай коому ал жактагы жарылуулардан улам уулуу жаан жаашы ыктымал экенин калкка эскерткен. Жарылуудан кийин абага углеводород, күкүрт жана азоттун уулуу кошулмасы тараган. Жаан жааса адамдар химиялык күйүк алып, өпкөсү жабыркай турганы айтылууда.
Миңдеген америкалык АКШ президенти Дональд Трамптын кичүү уулу Бэрронду Иранга жөнөтүү үчүн аскер кызматына чакырууну талап кылышууда. Бул тууралуу Bild басылмсына таянуу менен РИА Новости жазды. "Социалдык тармактарда АКШ президентинин аракетин колдогондор менен бирге каршы чыккандар да абдан көп. Өлкө башчынын Иранга аскер жөнөтүү планы да арбын сөздүн башы болууда. "#SendBarron" хештеги менен миңдеген киши Трамптын кичүү уулу Бэррондун армияга чакыртылышын талап кылып жатат", — деп айтылат материалда. Кайрылуу жолдонгон сайтта АКШ Трамп сыяктуу лидер башында турганда эч нерседен коркпой турганы, андыктан уулу атасынан үлгү алышы керектиги какшык менен жазылган. ЖМКлардын маалыматына караганда, Трамптын баласын Иранга жиберүүнү талап кылган кыймылдын башында "Южный парк" сериалынын экс-сценаристи Тоби Мортон турат.
Чет өлкөлөрдө Кыргызстан экспорттогон канаттуу этине суроо-талап өсүүдөАмерикалыктар Трамптын кенже уулун Иранга жөнөтүүнү талап кылышуудаБеш шаарда 50 млн. долларга абанын сапатын көзөмөлдөөчү 11 станция орнотулатАлдыда кененирээкКыргызстандын беш шаарына абанын сапатын көзөмөлдөөчү 11 станция орнотулат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Жогорку Кеңештин тармактык жыйынында билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алынууда. Станциялар Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Атага курулмакчы. "Мындан тышкары, абанын булганышын талдоо боюнча заманбап лаборатория жана маалымат борборун курууга керектүү документтерди даярдоо үчүн тендер өткөрүлүп жатат. Абанын сапатын ыкчам көзөмөлдөө үчүн эки мобилдик лаборатория сатып алуу боюнча да келишим түзүлдү", — деди Раимкулова. Чет өлкөлөрдө Кыргызстан экспорттогон канаттуулар этине суроо-талап жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр өлкө 2,1 миң тонна куш этин экспорттогон. Бул мурдагы жылга караганда миң тоннага көп. Негизги кардарлардын тизмесинде ЕАЭБ өлкөлөрү сап башында: Россия — миң тонна; Казакстан — 800 тонна; Өзбекстан — 220 тонна; Тажикстан — 85 тонна. Статистикага канаттуулардын эти эле эмес, ич эти да (боор, бөтөгө, жүрөк) кирген. Ирандын мунай сактоочу жайларындагы жардыруулар Кыргызстанда уулуу жаандын жаашын шартташы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин агрардык комитетинин жыйынында билдирди. "Жарылуудан кийин химиялык заттар регионго тарап, биз жакка келе жатат. Бул уулуу жаанды шартташы мүмкүн. Көз салган киши барбы? Кооптуулуктун ыктымалдыгы канчалык? Кайсы региондор жапа тартат?" — деп суроо салды эл өкүлү. Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова министрлик мындай мониторинг жүргүзө албай турганын айтты. "Абаны автоматтык станциялар аркылуу көзөмөлдөгөн Гидрометеорология кызматы бар, мониторингди ушул мекеме жүргүзө алат", — деди ал.Эскерте кетсек, Тегеран менен Альборздогу мунай сактоочу жайлар авиасоккуга дуушар болгон. Ирандын Кызыл жарым ай коому ал жактагы жарылуулардан улам уулуу жаан жаашы ыктымал экенин калкка эскерткен. Жарылуудан кийин абага углеводород, күкүрт жана азоттун уулуу кошулмасы тараган. Жаан жааса адамдар химиялык күйүк алып, өпкөсү жабыркай турганы айтылууда.Миңдеген америкалык АКШ президенти Дональд Трамптын кичүү уулу Бэрронду Иранга жөнөтүү үчүн аскер кызматына чакырууну талап кылышууда. Бул тууралуу Bild басылмсына таянуу менен РИА Новости жазды. "Социалдык тармактарда АКШ президентинин аракетин колдогондор менен бирге каршы чыккандар да абдан көп. Өлкө башчынын Иранга аскер жөнөтүү планы да арбын сөздүн башы болууда. "#SendBarron" хештеги менен миңдеген киши Трамптын кичүү уулу Бэррондун армияга чакыртылышын талап кылып жатат", — деп айтылат материалда. Кайрылуу жолдонгон сайтта АКШ Трамп сыяктуу лидер башында турганда эч нерседен коркпой турганы, андыктан уулу атасынан үлгү алышы керектиги какшык менен жазылган. ЖМКлардын маалыматына караганда, Трамптын баласын Иранга жиберүүнү талап кылган кыймылдын башында "Южный парк" сериалынын экс-сценаристи Тоби Мортон турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/09/1100140808_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c69204d9ffd5a1b6f7cef6de1e05b6e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио