https://sputnik.kg/20260309/1100135908.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
КМШдагы эң мыкты киночулар аныкталды Иран бийлигине маркум аятолланын уулу Можтаба Хаменеи келдиДээрлик 210 миң адам насыяга алууга өзүнө-өзү тыюу салдыАлдыда... 09.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-09T11:00+0600
2026-03-09T11:00+0600
2026-03-09T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/09/1100135742_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_47921eb31d35db3909bf62464e128eae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
КМШдагы эң мыкты киночулар аныкталды Иран бийлигине маркум аятолланын уулу Можтаба Хаменеи келдиДээрлик 210 миң адам насыяга алууга өзүнө-өзү тыюу салдыАлдыда кененирээк6-мартка карата Кыргызстанда 209 миң 296 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-насыялык уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат
4-7-мартта Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII эл аралык "Үмүт" кинофоруму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Форумдун алкагында 38 тасма көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасы уюштурулду. Форумдун жыйынтыгында "Эң мыкты фильм" сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын "Чайки над Голгофой" тасмасына, ал эми "Эң мыкты режиссёр" сыйлыгы азербайжандык Нурлан Хасанлинин "Ранние чувства" тасмасына берилди. Ал эми улуттук сынакта башкы сыйлык Төлөмүш Жаныбековдун "Балык" тасмасына ыйгарылып, "Эң мыкты режиссёр" наамын Данияр Абиров ("Обончу") алды. Кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасында "Ты и Я" долбоору "Кыргызфильм" киностудиясынын колдоосуна ээ болуп, "Соучастник", "Ультразвук" жана "Жест" долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары аймактык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалууга, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы аймакта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, дароо ок атышууну токтотууга, тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырды. ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.
Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди 8-мартта Ирандын Эксперттер ассамблеясынын 88 өкүлүнөн турган кеңеши кабыл алды. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды. Маалыматка ылайык, 56 жаштагы Можтаба Хаменеи Али Хаменеинин экинчи уулу. Ал 1969-жылы Ирандын Мешхед шаарында төрөлгөн. Диний билим алгандан тышкары аскердик кызмат да өтөп, бирок саясий фигура катары таанылган эмес. Ал жогорку лидердин кеңсесин башкарып, акыркы он жылда кээде гана гезиттердин башкы жаңылыктарына чыгып турган. Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилигине чабуулдан улам жок кылынган Али Хаменеиге окшош бирөөнүн келишине каршылыгын билдирип, өлкөнүн жаңы лидери Вашингтон менен мамиле кура алгыдай болушу керектигин айткан.
КМШдагы эң мыкты киночулар аныкталды Иран бийлигине маркум аятолланын уулу Можтаба Хаменеи келдиДээрлик 210 миң адам насыяга алууга өзүнө-өзү тыюу салдыАлдыда кененирээк6-мартка карата Кыргызстанда 209 миң 296 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Белгилей кетсек, бул механизм насыяга байланыштуу алдамчылыктын алдын алуу максатында 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта иштей баштаган. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-насыялык уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат4-7-мартта Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII эл аралык "Үмүт" кинофоруму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Форумдун алкагында 38 тасма көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасы уюштурулду. Форумдун жыйынтыгында "Эң мыкты фильм" сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын "Чайки над Голгофой" тасмасына, ал эми "Эң мыкты режиссёр" сыйлыгы азербайжандык Нурлан Хасанлинин "Ранние чувства" тасмасына берилди. Ал эми улуттук сынакта башкы сыйлык Төлөмүш Жаныбековдун "Балык" тасмасына ыйгарылып, "Эң мыкты режиссёр" наамын Данияр Абиров ("Обончу") алды. Кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасында "Ты и Я" долбоору "Кыргызфильм" киностудиясынын колдоосуна ээ болуп, "Соучастник", "Ультразвук" жана "Жест" долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты. ТИМден билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий мекемелердин башчылары аймактык жана глобалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалууга, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы аймакта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, дароо ок атышууну токтотууга, тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырды. ТМУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынтыгында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.Өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды. Мындай чечимди 8-мартта Ирандын Эксперттер ассамблеясынын 88 өкүлүнөн турган кеңеши кабыл алды. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды. Маалыматка ылайык, 56 жаштагы Можтаба Хаменеи Али Хаменеинин экинчи уулу. Ал 1969-жылы Ирандын Мешхед шаарында төрөлгөн. Диний билим алгандан тышкары аскердик кызмат да өтөп, бирок саясий фигура катары таанылган эмес. Ал жогорку лидердин кеңсесин башкарып, акыркы он жылда кээде гана гезиттердин башкы жаңылыктарына чыгып турган. Белгилей кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилигине чабуулдан улам жок кылынган Али Хаменеиге окшош бирөөнүн келишине каршылыгын билдирип, өлкөнүн жаңы лидери Вашингтон менен мамиле кура алгыдай болушу керектигин айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/09/1100135742_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8d7dbbade3e3ad9278a1b63f8cfffe08.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио