00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Уркуя Салиеванын өмүр жолу эмнеси менен тарыхта эсте калды?
11:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Как живут дети, чьи родители уехали на заработки за границу
12:08
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө маданиятынын пайдубалы: Улуттук театр 100 жылдык мааракесин белгилейт
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЭКГ, УЗИ сердца и СМАД: какие обследования помогают выявить болезни сердца
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Что нового подготовили организаторы VI Всемирных игр кочевников в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджеттик чөйрөсүндөгү көрсөткүчтөрүнө баа берди. Эксперттер мамлекеттин кирешеси чыгашасынан ашканын белгилешти: 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча профицит ИДПнын 2,5 пайызын түздү, бир жыл мурун бул көрсөткүч 2,4 пайыз болгон. Экономисттер мамлекет тарабынан отун-энергетикалык комплекс, айыл чарба жана тоо-кен казуу өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын көлөмү олуттуу өскөнүн катташты. Бул тармактарга бөлүнгөн каражаттардын 3,2 эсеге өсүшү Кыргызстан экономикалык туруктуулукту камсыз кылган стратегиялык тармактарды колдоого олуттуу көңүл буруп жаткандыгынан кабар берет. Негизги секторлорго багытталган финансылык салымдар ИДПнын 31,5 пайызына чейин жетти. Мындай ири ички инвестицияларга карабастан, салыктык жыйымдардын жакшырышы (+32 пайыз) жана Улуттук банктын мамлекеттик казынага которулган кирешесинин өсүшү менен республикалык бюджет оң сальдону (кирешенин чыгашадан ашышын) сактап кала алды.
Үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарынын аймагындагы бардык таштанды полигондору жабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев билдирди. Анын айтымында, шаарда бир гана борбордук полигон калтырылып, анда курулуш калдыктарын топтоо үчүн өзүнчө жай ажыратылат. "Күйбөй турган бетон жана башка калдыктар үчүн атайын жер болот. Быйыл Бишкек мэриясы бул иштерди толугу менен аяктоону пландап жатат", — деди ал. Бул демилге борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жана таштандыларды иштетүүнү иретке келтирүүгө багытталган.
М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде "Уркуя Салиева - кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу" аттуу көргөзмө 20-мартка чейин уланат. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө Кыргызстандагы социалдык өзгөрүүлөр доорунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон Уркуя Салиеванын өмүрүнө жана эрдигине арналган. Экспозицияда анын өмүр баяны, коомдук ишмердүүлүгү жана 1920-1930-жылдардагы тарыхый доор чагылдырылат. Архивдик сүрөттөр, документтер жана "Отко таазим" көркөм тасмасы аркылуу коомдун жаңылануусу жана аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн аялдын образы ачылып берилет.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын жаңы лидеринин шайланышына "нааразылыгын" билдирип, "ал көпкө узабай турганын" айтты. Бул тууралуу өлкө башчысы маек куруп жатып билиргенин РИА Новости жазды. Эскерте кетсек, Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи каза болгондон кийин жетекчиликке анын 56 жаштагы уулу Можтаба Хаменеи шайланды. Буга пикирин билдирип жатып Трамп окуянын андан ары өнүгүшүнө көз салып турарын белгилеген. "Нааразымын... Бирок ал АКШнын макулдугусуз көпкө чейин отурбайт. Ал эми биз он жыл сайын Иранга кайта бергибиз келбейт. Көрөбүз", — деди Трамп.
Жаңылыктар түрмөгү
0