https://sputnik.kg/20260309/1100130413.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидер деп таанылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму жана Парламенттер аралык биримдик... 09.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-09T08:59+0600
2026-03-09T08:59+0600
2026-03-09T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/09/1100130247_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f681f9130241eb1eecc9ec30aad6d4de.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидер деп таанылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму жана Парламенттер аралык биримдик жарыялаган баяндамада айтылган. Аталган баяндамада 2025-жылы республикада аял-депутаттардын саны дээрлик 13 пайызга көбөйгөнү белгиленген. Кеп ЖКнын VIII чакырылышындагы курам туурасында жүрүп жатат. "Квоталар аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүүнүн эң натыйжалуу ыкмалардын бири бойдон калууда. 2025-жылы мыйзамдык же ыктыярдуу квоталар колдонулган парламенттерде кыз-келиндер орточо эсеп менен 30,9 пайыз орунду ээлешкен. Ал эми квоталар жок парламенттерде бул көрсөткүч 23,3 пайызды түзгөн", — деп айтылган баяндамада. Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеште 30 аял депутат болуп отурат. Алар былтыр өткөн парламенттик шайлоодо квотанын негизинде шайланышкан. Өнөктүк алдында кабыл алынган мыйзамга ылайык, ар бир округдан бирден мандат аял-талапкерлерге берилет. Эгерде аял-депутат ЖКдан кетип мандатын тапшырса, ордуна кайра эле аял киши келиши керек.
Бишкекте таштанды үчүн пластик контейнерлер колдонула баштады. Бул тууралуу "Тазалыктын" директору Жолдош Чуштуков билдирди. Анын айтымында, челектер жеке секторлорго, мектеп, оорукана, ишканаларга жана өрттөп жиберүүгө болбой турган жерлерге коюлууда. Темирге караганда эки эсе арзан, жеңил, ыңгайлуу жана көрүнүшү жакшыраак. "Мисалы, темир контейнерди орточо 25 миң сомго сатып алсак, пластик контейнерлер 12 миң сомдун тегерегинде болот. Мындан тышкары, жеке секторлорго пластик контейнерлердин 120 литр, 240 литр жана 360 литрликтерин сунуштап, өзүбүз жеткирип берип жатабыз", — деди Чуштуков. Ошентсе да бул контейнерлер өрткө туруксуз, мындан улам шаарга толук жайылтылбай турганы кошумчаланды.
Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кечээ, 6-мартта, келишимге кол койгонун билдирди. Долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 200 миллион долларга бааланууда. Анын кубаттуулугу 325 МВт болмокчу. Агенттиктен станцияны "Солар системс" жана "АСТ Империал" ЖЧКлары сала тургандыгын билдиришти. "Күн электр станциясынын курулушу — аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салымын кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле Нарын облусуна кошумча инвестицияларды тартууга жардам берет", — деп айтылган маалыматта.
Кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн муфтиятта мекемелер аралык жыйын болгон. Анда төмөнкү чечимдер кабыл алынган: абал турукташканга чейин кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу чектөө киргизүү; туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин умрага барбоону сунуштоо. Ошондой эле токтоп калган аба каттамдарын жандандыруу маселеси да талкууланган.
Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидер деп таанылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму жана Парламенттер аралык биримдик жарыялаган баяндамада айтылган. Аталган баяндамада 2025-жылы республикада аял-депутаттардын саны дээрлик 13 пайызга көбөйгөнү белгиленген. Кеп ЖКнын VIII чакырылышындагы курам туурасында жүрүп жатат. "Квоталар аялдардын өкүлчүлүгүн көбөйтүүнүн эң натыйжалуу ыкмалардын бири бойдон калууда. 2025-жылы мыйзамдык же ыктыярдуу квоталар колдонулган парламенттерде кыз-келиндер орточо эсеп менен 30,9 пайыз орунду ээлешкен. Ал эми квоталар жок парламенттерде бул көрсөткүч 23,3 пайызды түзгөн", — деп айтылган баяндамада. Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеште 30 аял депутат болуп отурат. Алар былтыр өткөн парламенттик шайлоодо квотанын негизинде шайланышкан. Өнөктүк алдында кабыл алынган мыйзамга ылайык, ар бир округдан бирден мандат аял-талапкерлерге берилет. Эгерде аял-депутат ЖКдан кетип мандатын тапшырса, ордуна кайра эле аял киши келиши керек.Бишкекте таштанды үчүн пластик контейнерлер колдонула баштады. Бул тууралуу "Тазалыктын" директору Жолдош Чуштуков билдирди. Анын айтымында, челектер жеке секторлорго, мектеп, оорукана, ишканаларга жана өрттөп жиберүүгө болбой турган жерлерге коюлууда. Темирге караганда эки эсе арзан, жеңил, ыңгайлуу жана көрүнүшү жакшыраак. "Мисалы, темир контейнерди орточо 25 миң сомго сатып алсак, пластик контейнерлер 12 миң сомдун тегерегинде болот. Мындан тышкары, жеке секторлорго пластик контейнерлердин 120 литр, 240 литр жана 360 литрликтерин сунуштап, өзүбүз жеткирип берип жатабыз", — деди Чуштуков. Ошентсе да бул контейнерлер өрткө туруксуз, мындан улам шаарга толук жайылтылбай турганы кошумчаланды. Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кечээ, 6-мартта, келишимге кол койгонун билдирди. Долбоорго салына турган инвестициянын көлөмү 200 миллион долларга бааланууда. Анын кубаттуулугу 325 МВт болмокчу. Агенттиктен станцияны "Солар системс" жана "АСТ Империал" ЖЧКлары сала тургандыгын билдиришти. "Күн электр станциясынын курулушу — аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салымын кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле Нарын облусуна кошумча инвестицияларды тартууга жардам берет", — деп айтылган маалыматта. Кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн муфтиятта мекемелер аралык жыйын болгон. Анда төмөнкү чечимдер кабыл алынган: абал турукташканга чейин кыргызстандыктарга умрага барууга убактылуу чектөө киргизүү; туристтик компанияларга жана авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин умрага барбоону сунуштоо. Ошондой эле токтоп калган аба каттамдарын жандандыруу маселеси да талкууланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/09/1100130247_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0058f3beff0785fcdebf2fe51de18ce5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио