БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда 48 жаштагы Ормош аттуу жаран платинада сууга түшүп жатып агып кеткенин ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, сууга агып кеткен Октябрь айылынын тургуну мас абалында болгон. Окуя 20-июлда саат 00.40 чамасында катталган.
Издөө иштерин шаардык куткаруучулар жүргүзүүдө. Учурда жарандын денеси табыла элек.