БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Иракта былтыркы жылдын декабрынан бери 15 миңге чукул адам каза таап, 30 миңге жакыны жарадар болгон деп айтылат БУУнун апта башында жарыяланган докладында.
"Жөн жай турмушта жашаган калктын арасынан Ирактагы ички куралдуу кагылышуудан жабыркагандарды саны 44 миң 136 киши (14 миң 947 киши өлүп, 29 миң 189у жаракат алган) болгон", — деп айтылат БУУнун Иракка көмөктөшүү боюнча миссиясынын отчетунда.
Отчет 2014-жылдын 11-декабрынан 2015-жылдын 30-апрелге чейинки мөөнөттү камтыйт.
"Ислам мамлекети" канча согушкерин жана Ирак армиясы канча аскерин жоготкону боюнча расмий маалыматтар жок.
Дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткан "Ислам мамлекети" террористтик тобу үч жыл ичинде Ирак менен Сириянын бир топ аймагын басып алды. Мындан сырткары булар өз таасирин Түндүк Африка, тагыраагы Ливияга жайылтуу аракетин көрүп келет.
"ИМ" аймагы 90 миң чарчы чакырымга жетип, ал жерлерге жан кечти террористтер өз мыйзамдарын, бийлигин орнотуп "халифат" түзүлгөндүгүн жар салган. Булардын саны учурда 50 дөн 200 миңге чукул экендиги айтылууда.