БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Бишкек-Ош унаа жолунун 266-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болгонун ӨКМ маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 10-июль күнү кечки саат сегизде Токтогул районунда "Нива" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина 20-30 метр бийиктиктен Чычкан суусуна түшүп кеткен.
Окуя болгон жерге куткаруучулар жана суучулдар тартылган. Бирок, суунун катуу агымына жана караңгы киргенине байланыштуу унаадагы жансыз денелерди чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Унааны суудан кран менен чыгаруу бүгүн каралып жатат.