БИШКЕК, 1-июль —Sputnik. Токтогул районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 287-чакырымында жүк ташуучу "Мерседес-Гигант", "Мерседес-Спринтер" жана "Хонда-Степ" автоунаалары кагышып, жүк ташуучу автомашинанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчү кырсык болгон жерден каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу "Мерседес-Гигант" автоунаасынын ичинде беш киши келе жаткан, айдоочу менен бир жүргүнчү каза болуп, жаракат алган үч жүргүнчү Токтогул райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. "Мерседес-Спринтер" кичи автобустун айдоочусу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүн алынып келген. Ал эми "Хонда-Стептин" ичиндегилер жаракат алган эмес жана кырсык болгон жерден кетип калышкан.
Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамдарды автоунаадан чыгарып, тез жардамга салып беришкен.