Бишкек, 10-июль — Spuntik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кечээ, 9-июлда Уфага учуп барып, бүгүн Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саммитине катышып жатат.
Президент агасынын каза болгондугуна байланыштуу Башкыртстандын борборуна мурда пландалгандан кечирээк барды. Өлкө башчысынын бир тууганы Калыйбек Шаршенов 64 жаш курагында каза болгон. Сөөк коюу зыйнаты бейшемби күнү өтүп, ага өлкөнүн жетекчилери, коомдук жана мамлекеттик ишмелер катышты.
Калыйбек Шаршенов Арашандагы көрүстөнгө коюлду.