БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Исфайрам дарыясына автоунаа түшүп, сууга агып өлгөн төрт жүргүнчүнүн дагы бирөө табылганын ӨКМ маалымат кызматы кабарлайт.
6-июль күнү кечинде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Исфайрам дарыясына Нива үлгүсүндөгү автоунаасы түшүп кетип, натыйжада эки адам жабыркап, төрт адам сууга агып кеткен. Окуя катталган жерге куткаруучулар келип, сууга аккандарды издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Жабыркаган эки адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жөнөтүлгөн. Андан кийин куткаруучулар эки адамдын жансыз денесин таап, Кызыл-Кыя шаардык өлүкканасына жеткиришкен.
Учурда дагы бир адамдын сөөгү табылып, моргго өткөрүлдү. Төртүнчү адамды издөө дагы жүрүп жаткандыгы маалымдалууда.