БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Финансы полициясы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги бюджеттик каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган фактыны аныктаганын УКМК маалымат кызматы билдирет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнөн түшкөн маалыматтын негизинде Финансы полициясы прокуратура менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги Ош шаарындагы №22 "Дарман" жана №29 "Асан-Үсөн" балдар бакчасынын кызматкерлеринин айлык акысына мыйзамсыз кошумча акы кошуп бергени аныкталган. Андан тышкары, айрым кызматкерлер иштебеген күнү үчүн да акча алган.
Мындан өлкө казынасына 1 миллион 215 миң сом зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Ош шаардык прокуратурасы башкармалыктын кызматкерлерине карата кылмыш иши козгоду.