БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Укук коргоо органдарына Александровка айылынын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, "Юника" кум карьеринде белгисиз үч киши күч колдонуп, 12 миң сомун тартып алышкан. Алардын бирөөсү бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш иши үчүн шектелген 30, 26 жана 23 жаштагы жарандар кармалган. Алар Кант шаарынын жашоочулары.
Учурда алардын ушул сыяктуу бир нече кылмыш иштерине тийешеси бар экенине далилдер табылганын шаардык милициядан билдиришти.