БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Бишкек – Ош жолунун 238-чакырымында Токтогул районунда күйүүчү май ташуучу автоунаа оодарылып кетип, толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен май ташыган автоунаа толугу менен күйүп, бир адам каза болгон.
"Өрттүн кесепетинен автоунаа жарылып, 1 адам каза болду. Өрт өчүрүүчүлөр барганча МАИ кызматкерлери каза болгон адамды Токтогул райондук өлүкканасына алып кетишкен", — деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.
Учурда каза болгон адамдын аты-жөнү жана жол кырсыгынын себеби такталууда.