00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Осмоналиев: Ала-Букадагы жол кырсыкка кабылган окуучулардын экөөсүнүн абалы өтө оор

Жазылуу
Бүтүрүү кечеси болгон күнү Ала-Буканын Кызыл-Ата айылынан райондун борборуна келе жатып жол кырсыгына кабылгандарга нейрохирургдар азырынча операция жасоого болбой турганын айтышты.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Ала-Бука райондук ооруканага 22-июнда кечки саат жети жарымда алты адам түшкөн, алардын ичинен бир эркек бала жана бир кыз реанимацияда, абалы абдан катуу. Калган төртөөнүн абалы оор болгону менен, туруктуу экендигин райондун аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Жыргалбек Осмоналиев Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Башкы дарыгер түшкөн алтоонун бирөөсү, айдоочу 1991-жылы, калгандары 1997-жылы туулган балдар экенин айтты. Анын айтымында, жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын баш мээси жабыркап, башына кан уюп калган. 

"Жалал-Абад шаарынан келген нейрохиругдар, азырынча экөөнүн абалы оор болгондуктан, операцияны көтөрө албастыгын аныктап, учурда байкоо салып туруу керектигин айтышты. Кыздын көк боору жанчылып, бөйрөгү үзүлүп кетиптир",— деди Осмоналиев. 

Башкы дарыгердин айтымында, жабыркагандардын баарынын баш сөөктөрү жабыркаган, мээлерине кан куюлуп, ийиндери, бел сөөктөрү сынган. 

"Алардын канында алкоголь бар-жогун азырынча тактай элекпиз, анализдерди алып милицияга бергенбиз, ал биохимиялык анализ чыккандан кийин билинет", — деди башкы дарыгер.

Темир Сариев мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн өмүрүн алган жол кырсыгын териштирүүнү тапшырды
Жабыркагандар Ала-Бука районун "Жаңы шаар" аттуу аймагынын жашоочулары, Турабаев атындагы орто мектептин окуучулары деп билдирди ал.

Башкы дарыгер Осмоналиев жол кырсыгына кабылгандар кечки саат жети жарымда келип түшкөндүгүн, райондук ооруканын дарыгерлери түнү бою иштеп, балдардын өмүрүн сактап калганга болгон аракетин жасаганын, медиктердин алды жаңы гана эс алганы үйлөрүнө жиберилгенин кошумчалады. 

Премьер-министр Темир Сариев 22-июнда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын териштирүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0