БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1989-жылы туулган Садыралы уулу Айбек Нарын дарыясына чөгүп кеткенин ӨКМ маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек-Ош автоунаа жолунун 442-чакырымында болгон. Садыралы уулу Айбек сууга жуунуп жаткан жеринен агып кеткен.
Аталган жаранды издөө иштерине ӨКМнын 2-издеп куткаруу отрядынын жана тоо-кен кырсыгынан куткаруу боюнча 6-ыкчам взводунун куткаруучулары тартылды.
Издөө иштери улантылууда.