Сууга түшүп кеткен Subaru автомашинасынын ичиндеги алты кишинин бирөө каза болду

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүСуу тазалоочу жай. Архив
Суу тазалоочу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып, суу тазалоочу курулмага түшүп кеткен.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Токмок шаарында жекшемби күнү түшкү саат экилер чамасында жол кырсыгы катталып, Subaru Forester автомашинасы суу тазалоочу курулмага түшүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сууга түшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суу районунда сууга түшүп кеткен адам изделүүдө
Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болуп, беш адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №21-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын сөөгүн суудан чыгарышкан. Жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасы менен Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0