БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары Казакстандын президентинин кубогуна катышат. Беттеш Астана шаарындагы "Астана Арена" стадионунда өтө турганын КРдин Футбол федерациясы билдирди.
Казакстандын президентинин кубогу ушуну менен сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. Мелдешке Казакстандын, Испаниянын, Россиянын, Азербайжандын, Белоруссиянын, Грузиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын командалары катышат.
Сегиз команда эки топко бөлүнгөн. Оюндун биринчи күнү Кыргызстан менен Казакстандын командасы ойнойт. Ошондой эле КР командасы Тажикстандын жана Испаниянын командалары менен күч сынашат.
Оюндар 22-июнда башталып, акыркы оюндар 26-июнда өтөт.