https://sputnik.kg/20150611/1016007693.html
Бишкектиктерге кооптуулук жараткан бак-дарактар
Бишкектиктерге кооптуулук жараткан бак-дарактар
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дүйшөмбү күнү болгон катуу шамалдын кесепети дагы деле жоюлбай, шаар тургундарына кооптуулук жаратып жатат. 11.06.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-06-11T19:58+0600
2015-06-11T19:58+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101600/76/1016007623_3:1:1276:720_1920x0_80_0_0_7cd1821c9b0092b119ab2fcdf19e6b28.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Бишкектиктерге кооптуулук жараткан бак-дарактар
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дүйшөмбү күнү болгон катуу шамалдын кесепети дагы деле жоюлбай, шаар тургундарына кооптуулук жаратып жатат.
2015-06-11T19:58+0600
true
PT0M38S
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, коом, видео, жаңылыктар, бишкек, сергей кравер, "зеленстрой" ишканасы
окуялар, кыргызстан, коом, видео, жаңылыктар, бишкек, сергей кравер, "зеленстрой" ишканасы
Бишкектиктерге кооптуулук жараткан бак-дарактар
19:58 11.06.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бишкекте дүйшөмбү күнү болгон катуу шамалдын кесепети дагы деле жоюлбай, шаар тургундарына кооптуулук жаратып жатат.
Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө шамалга туруштук бере албай, кулайын деген теректер азыр да кооптуу болуп турат. Сынган бутактар алардын тамырларына оордугун салып жаткандыктан, кайсы учур болбосун кулап түшүшү мүмкүн.
"Зеленстрой" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер бул туурасында маалыматы бар экендигин айтты.
"Баарын кыйып, бутап чыкканга жетишпей жатабыз. Жумушчуларыбыз 12-14 сааттап иштеп жатышат", — деди ал.
Бишкекте кулаган жана сынган бактардын 70 пайызга жакыны тазалангандыгын кошумчалады.
Дүйшөмбү күнү кечки саат сегизде катуу шамал башталып, андан сегиз унаа жабыркаган, 80ден ашуун бак кулап, үч жарнама тактасы кыйраган. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен.