БИШКЕК, 9 июнь — Sputnik. Шаар кызматтары түн бою бороондуу шамалдын кесепеттерин жоюп жүрүштү деп кабарлайт Sputnik агенттигине Бишкек мэриясынын маалымат кызматы.
Борбор калаада кечки саат сегизде катуу шамал башталган. Натыйжада бактар, көрнөк-жарнактар кулап, үйдүн чатырлары сыйрылып, электр түйүндөрү үзүлгөн. Мэрияда бул боюнча оперативдүү штаб түзүлгөн.
Шаар кызматтары шаар көчөлөрөрүн тазалашты. Алдын ала маалыматтар боюнча Бишкекте 80ге чукул бак кулап, 10 автоунаа жабыркаган.