БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Чүй облусунун бир катар район, шаарлары 8-июнь күнү кечинде болгон катуу шамалдан жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечки саат жетиден сегизге чейин Жайыл районунда, Кара-Балта жана Токмок шаарларында ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган.
Анын кесепетинен Жайыл районунун Сосновка айылындагы маданият үйүнүн, Сокулук районундагы маданият үйү менен оорулуу балдарды реабилитациялоо борборунун чатырларын учуруп кеткен.