Сүрөттөгү апта: жылаңач веложүрүштөн роботтордун мелдешине чейин

Жазылуу
Экстремалдык кырдаалдан өтүү боюнча жарышкан роботтор, табиятка кам көргөн жылаңач веложүрүш, Пакистандагы мода жумалыгы, "Барселонанын" жеңишин майрамдоо жана башка өткөн апта окуялары Sputnik сүрөт куржунунда.

Велосипедчен адамдардын жылаңач жүрүшкө чыгышы эки өлкө – Греция менен Мексика тарабынан кызуу колдоого алынды. Эмки кезекте Дания, Хельсинки, Канада, Бельгия жана Улуу Британия турат. Муну менен акция катышуучулары дүйнө коомчулугунун көңүлүн экология көйгөйлөрүнө бурууга аракет кылышууда.

Россия табиятка башкача кам көрүп келет – Москвада спорттук электромобилдердин Formula E жарышы болуп өттү.

Ал эми АКШда экстремалдык кырдаалда мыкты куткаруучу аталышына ээ болуу үчүн роботтордун арасында таймаш болуп өттү. Жеңишти Түштүк Кореянын технологдору багынтты.

Ошондой эле өткөн аптада англиялык Шарлотта ханбийкенин алгачкы фотосессиясы жаңылык жаратты.

Өткөн жумада болуп өткөн дүйнө окуялары Sputnik сүрөт куржунунда.

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТургояк көлүндө бүткүл россиялык "Саякатчы Федор Конюховдун кубогу" аттуу балдардын регатасы өтүүдө.
Тургояк көлүндө бүткүл россиялык Саякатчы Федор Конюховдун кубогу аттуу балдардын регатасы өтүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/11
Тургояк көлүндө бүткүл россиялык "Саякатчы Федор Конюховдун кубогу" аттуу балдардын регатасы өтүүдө.
© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүРостов облусунда "Бизон-Трек Шоу-2015" аттуу тракторлордун жарышы болуп өттү.
Ростов облусунда Бизон-Трек Шоу-2015 аттуу тракторлордун жарышы болуп өттү. - Sputnik Кыргызстан
2/11
Ростов облусунда "Бизон-Трек Шоу-2015" аттуу тракторлордун жарышы болуп өттү.
© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосквада Formula E жарыш сериясынын этабы өттү.
Москвада Formula E жарыш сериясынын этабы өттү. - Sputnik Кыргызстан
3/11
Москвада Formula E жарыш сериясынын этабы өттү.
© REUTERS / KIM HONG-JIТүштүк Кореяда MERS вирусунан каза болгон адамдардын саны алтыга жетти. Өлкө боюнча аталган вирус менен ооруган 87 адам катталган. Жакында эле илдетти кичинекей бала жуктуруп алгандыгы айтылууда. Түштүк Кореянын эли вирустан чочулап, медициналык бет кап тагынып жүрүшөт.
Түштүк Кореяда MERS вирусунан каза болгон адамдардын саны алтыга жетти. Өлкө боюнча аталган вирус менен ооруган 87 адам катталган. Жакында эле илдетти кичинекей бала жуктуруп алгандыгы айтылууда. Түштүк Кореянын эли вирустан чочулап, медициналык бет кап тагынып жүрүшөт. - Sputnik Кыргызстан
4/11
Түштүк Кореяда MERS вирусунан каза болгон адамдардын саны алтыга жетти. Өлкө боюнча аталган вирус менен ооруган 87 адам катталган. Жакында эле илдетти кичинекей бала жуктуруп алгандыгы айтылууда. Түштүк Кореянын эли вирустан чочулап, медициналык бет кап тагынып жүрүшөт.
© REUTERS / MICHAEL DALDERМюнхен G7 саммитин тосууда.
Мюнхен G7 саммитин тосууда. - Sputnik Кыргызстан
5/11
Мюнхен G7 саммитин тосууда.
© REUTERS / AKHTAR SOOMROПакистанда мусулман модасы көрсөтүлдү.
Пакистанда мусулман модасы көрсөтүлдү. - Sputnik Кыргызстан
6/11
Пакистанда мусулман модасы көрсөтүлдү.
© REUTERS / STRINGERКытайдын Цзяньли уездиндеги Янцзы дарыясында "Звезда Востока" кемесинин кыйрашынан набыт болгондордун саны 431ге жетти. 11 адам дайынсыз жоголсо, 14 жүргүнчү аман калган. Каза болгондордун көбү – 50 жаштан 80 жашка чейинкилер, алардын арасында үч жашар кыз бар экени белгилүү болду. Кырсыкка кабылгандардын баары – КЭР жарандары. Алар дарыя боюна саякатка чыккандар эле.
Кытайдын Цзяньли уездиндеги Янцзы дарыясында Звезда Востока кемесинин кыйрашынан набыт болгондордун саны 431ге жетти. 11 адам дайынсыз жоголсо, 14 жүргүнчү аман калган. Каза болгондордун көбү – 50 жаштан 80 жашка чейинкилер, алардын арасында үч жашар кыз бар экени белгилүү болду. Кырсыкка кабылгандардын баары – КЭР жарандары. Алар дарыя боюна саякатка чыккандар эле. - Sputnik Кыргызстан
7/11
Кытайдын Цзяньли уездиндеги Янцзы дарыясында "Звезда Востока" кемесинин кыйрашынан набыт болгондордун саны 431ге жетти. 11 адам дайынсыз жоголсо, 14 жүргүнчү аман калган. Каза болгондордун көбү – 50 жаштан 80 жашка чейинкилер, алардын арасында үч жашар кыз бар экени белгилүү болду. Кырсыкка кабылгандардын баары – КЭР жарандары. Алар дарыя боюна саякатка чыккандар эле.
© REUTERS / ALEXANDROS AVRAMIDISЭкологиялык унаа түрүн жайылтуу үчүн World Naked Bike Ride кыймылы тарабынан уюштурулган эл аралык жылаңач веложүрүштүн жайкы сезону башталды.
Экологиялык унаа түрүн жайылтуу үчүн World Naked Bike Ride кыймылы тарабынан уюштурулган эл аралык жылаңач веложүрүштүн жайкы сезону башталды. - Sputnik Кыргызстан
8/11
Экологиялык унаа түрүн жайылтуу үчүн World Naked Bike Ride кыймылы тарабынан уюштурулган эл аралык жылаңач веложүрүштүн жайкы сезону башталды.
© REUTERS PATRICK T. FALLONКалифорнияда роботтордун дүйнөдөгү эң ири мелдеши болуп өттү. Ага 24 команда катышып, 44 мүнөт 28 секундда бардык тапшырмаларды аткаруу менен Түштүк Кореянын DRC-Hubo роботу жеңишке жетишти.
Калифорнияда роботтордун дүйнөдөгү эң ири мелдеши болуп өттү. Ага 24 команда катышып, 44 мүнөт 28 секундда бардык тапшырмаларды аткаруу менен Түштүк Кореянын DRC-Hubo роботу жеңишке жетишти. - Sputnik Кыргызстан
9/11
Калифорнияда роботтордун дүйнөдөгү эң ири мелдеши болуп өттү. Ага 24 команда катышып, 44 мүнөт 28 секундда бардык тапшырмаларды аткаруу менен Түштүк Кореянын DRC-Hubo роботу жеңишке жетишти.
© REUTERS / POOLКейт Мидлтон менен Уильям ханзааданын кызы Шарлотта ханбийке агасы Жорж менен түшкөн бир нече сүрөтүн Кенсингтон сарайынын маалымат кызматы чыгарды. Сүрөттөрдү ханбийкенин энеси Кейт тарткан.
Кейт Мидлтон менен Уильям ханзааданын кызы Шарлотта ханбийке агасы Жорж менен түшкөн бир нече сүрөтүн Кенсингтон сарайынын маалымат кызматы чыгарды. Сүрөттөрдү ханбийкенин энеси Кейт тарткан. - Sputnik Кыргызстан
10/11
Кейт Мидлтон менен Уильям ханзааданын кызы Шарлотта ханбийке агасы Жорж менен түшкөн бир нече сүрөтүн Кенсингтон сарайынын маалымат кызматы чыгарды. Сүрөттөрдү ханбийкенин энеси Кейт тарткан.
© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү"Барселона" УЕФА чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду.
Барселона УЕФА чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду. - Sputnik Кыргызстан
11/11
"Барселона" УЕФА чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0