https://sputnik.kg/20150527/1015716572.html
"Акыркы коңгуроодо" окуучуларды милиция кайтарат
"Акыркы коңгуроодо" окуучуларды милиция кайтарат
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык милициянын 500 кызматкери бөлүндү. 27.05.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-05-27T08:49+0600
2015-05-27T08:49+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101555/93/1015559370_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_2884ab6f332aac6141deaf69f0e82052.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкек, шииб, акыркы коңгуроо
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкек, шииб, акыркы коңгуроо
"Акыркы коңгуроодо" окуучуларды милиция кайтарат
08:49 27.05.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык милициянын 500 кызматкери бөлүндү.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Акыркы коңгуроо" аземинде окуучулардын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздай турганын Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык салтанаттуу кече 29-майда белгиленген. Коомдук тартипти камсыздоо үчүн Бишкек ШИИБ райондук бөлүмдөрү тарабынан иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Бардык мектептерге милиция кызматкерлери бекитилип, тартипке жооптуулар дайындалган. Жалпы жолунан коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык милициянын 500 кызматкери тартылат.
Иш-чара учурунда жол-кайгуул кызматы да четте калбастан, жолдогу кыймылды көзөмөлгө алат.
Учурда билим берүү мекмелеринин жетекчилиги жана окутуучулары үчүн өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер туурасында атайы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.