00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
On air
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИМдин согушчандары Малайзияда адамдарды уурдап, банктарды тоноону пландоодо

© AFP / TAUSEEF MUSTAFAДемонстранттар "Ислам мамлекетинин" желегин кармап турушат. Архив
Демонстранттар Ислам мамлекетинин желегин кармап турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террористтер көп сандагы чет өлкөлүк жарандар иштөөчү ишкердик борборлоруна жана мамлекеттик мекемелерге да кол салышы мүмкүн.

БИШКЕК, 21-маЙ — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобунун согушчандары азыркы учурда өз ишин каржылоо үчүн Малайзияда адамдарды уурдап, банктарды тоноону пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости падышачылыктын борбору Куала-Лумпур Тажуддин Мохаммад Иса (Tajuddin Md Isa)шаарынын полиция башчысына таянуу менен билдирет.

"Малайзияда бул террористтик уюмдун иш-аракеттери өзүнө жаңы мүчөлөрдү тандап даярдоонун биринчи баскычынан өтүп, эми экинчи баскычына чыкты", — дейт полиция кызматкери. 

Исанын айтымында, террористтер көп сандагы чет өлкөлүк жарандар иштөөчү ишкердик борборлорго жана мамлекеттик мекемелерге да кол салышы мүмкүн. Андан тышкары, "Ислам мамлекетинин" террористтери курал-жарактарды тартып алуу максатында аскердик лагерлер менен полиция бөлүмдөрүнө да кол салууну пландап жатат дейт ал.

Бир айча убакыт мурун Малайзиянын борбор калаасынын ортосунда жана анын четиндеги Улу-Лангат деп аталган жерде террорист деп шектелүүчү 12 адам кармалып, жардыруучу каражаттар табылган. Падышачылыктын полиция башчысы Халид Абу Бакардын (Tan Sri Khalid Abu Bakar) айтымында, алар өлкөдө тополоң уюштурууну пландап жаткан. Ал эми апрелдин башында Малайзиянын коопсуздук кызматы Куала-Лумпурдагы маанилүү объекттерде бир катар теракттарды жана аскердик лагерлер менен полиция бөлүмдөрүнө да кол салууну даярдап жаткан 17 адам кармалганы туурасында билдирген.

Ирак менен Сириянын орчундуу аймактарын басып алган "Ислам мамлекетинин" күч алышы 2014-жылы дүйнөнүн башкы көйгөйүнө айланды. АКШнын БЧБнын маалыматы боюнча 30 миңге жакын согушчандар кирчү бул топ өзү басып алган жерлерде халифаттын орногондугун жарыялаган жана өз таасири алдындагы аянтты кеңейтүү аракетин көрүүдө. 

ИМге каршы күрөшүүнүн бирдиктүү фронту жок: ага каршы менен Сирия менен Ирактын өкмөттүк күчтөрү, ошондой эле ирактык жана сириялык курддар күрөшүп жатат. АКШ башчылык кылган эл аралык коалициянын көргөн аракеттери азырынча абадан сокку уруулар менен чектелүүдө.

Малайзия "Ислам мамлекетин" террористтик топ деп эсептейт. Падышалыктын премьер-министри Нажиб Разак өткөн жылы анын өкмөтү экстремисттерге каршы чечкиндүү күрөшө тургандыктарын билдирген. Улуттук ЖМК маалыматтары боюнча 2013-жылдын февралынан тартып Малайзияда терроризмге шектелүүчү жүздөн ашык адам кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0