БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Бакыт Рыспаев КР өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.
Ал буга чейин Рыспаев Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациянын башчысы болуп иштеген.
Мамлекеттик агенттиктин буга чейинки директору Накен Касиев март айынын аягында кызматынан бошотулган болчу.