00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Раимкулов: Мейвезерди мурунга муштап, эми сен "красавчик" болбой калдың дедим

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз боксерчу Алмазбек Раимкулов. Архив
Кыргыз боксерчу Алмазбек Раимкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Голливудда пландалып жаткан кинотасма, Флойд Мейвезер менен кармаш жана таймаштарда Пакьяо, Гатти, Мозли, Де Ла Хойя сыяктуу мушкерлерге берген "кыргызча" сокку жөнүндө Алмазбек Раимкулов (Diamond) Sputnik кабарчысына айтып берди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Өз мекенине келген, Diamond каймана атка ээ, белгилүү кыргыз мушкери, олимпиадалык байге ээси, АКШнын төрт жолку чемпиону Алмазбек Раимкулов өз өмүрүндөгү жаркын окуялар жөнүндө айтып берип, болочок пландары менен бөлүштү.

Кичүү Мейвезер менен кармаш

— 2004-жылы Флойд Мейвезер менен таймаш учурунда эмне окуя болгонун айтып бериңизчи. Биздин угушубузча, ал кемсинткен сөздөрдү айта баштаган.

Флойд Мэйвезер менен Мэнни Пакьяо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмаз Раимкулов: Мэйвезер менен Пакьяонун реваншын бүт дүйнө күтүүдө
— Ал мени кыжырлантыш үчүн уят сөздөрдү айтып кирди. Адам жинденгенде өзүн кармана албай калат эмеспи. Ал жаагын жанып, жеберип, мени "кытайсың" деп атаганы мага жаккан жок. Ошондо мен ал күтпөгөн комбинацияны жасап, "кыргызча" сокку бердим. Анын мурдун жара коюп, "Карачы, эми сен баягы жакшынкай эмес, кан жалаган Флойдсуң" дедим. Ал жаман сөздөрдү айтып, мага атырылганда, оңдой берди болуп, кабыргага уруп жарадар кылдым. Жанына көзү көрүнгөн Флойд рингге жанталашып жан сакчыларын чакырды. Алар рингге чыкканча мен даярданып алдым. Дал ошол мезгилде залга Фойддун улуусу кирип келип, тиги жан сакчыларын: "Бул ринг чемпиондор үчүн гана, анда чемпиондор гана турууга укуктуу. Силер болсо иштен бошодуңар" деп рингден кууп чыкты. Өз баласынын жан сакчыларын иштен алып салды. Мен Флойд Мейвезер менен ошентип таанышкам.

— Анан эмне болду? Мейвезер баарын ошол бойдон калтырдыбы?

— Спаррингден кийин мен чечинип-кийинчү жайга бардым. Карасам, Флойд ал жерде жалгыз экен. Жакын барып: "Кел, ушул жерде эркектерче мушташалы. Эреже мененби, жокпу баары бир. Эгер мен жеңсем, мени менен чемпиондук кармашка макул болосуң. Сен утуп кетсең, мен боксерлукту таштаганыңа чейин сенин акысыз спарринг-өнөктөшүң болом" дедим. Ал макул болгон жок. Кечирим сурап, таймашты аягына чыкпаганыбызга карабай, ал үчүн менин акымды эки эсе көтөрүп, кармашка Рой Жонс менен Бернард Хопкинсти чакырды. Ошентип достошуп калдык.

"Кыргыз" соккусу

— Дүйнөнүн мыкты мушкеринин мурдун жара койгон "кыргыз" соккусу деген эмне, билсек болобу?

— Бул сокку Оскар Де Ла Хойя, Шейн Мозли, Артуро Гатти, Микки Уорд сыяктуу барды чемпиондор менен кармашта ийгиликтүү болгон. Пакьяо (Мэнни — ред.) менен да "кыргызча" соккуну көп колдонгом. 

"Мындай соккуну кайдан үйрөнгөнсүң?" деп сурагандар көп. Мен болсо бул Жараткандын жардамы менен биздин баатыр Манастын күчү Ала-Тоодон түшүп келди дейм. Алар бул эмне тоо экенин түшүнбөйт. Мен бизде Ала-Тоо бар. Ал жерге бабабыз Манас өз күчүн таштап кеткен. Кудай болсо ошол күчтү таймашта менин колума салып берет дейм. Мына, күч ошондон (күлөт).

Голливуддагы тасмага тартылуулар

— Сизди Голливудга тасмага тартылууга чакырышты деген маалымат бар. Бул чынбы?

— Мени Голливуд фильмдерине көп чакырышкан. Бирок мен өзүмдүн мушкерлик ишимди ойлоп, аларга макул болбой келгем. Максатым — атактуу адам болуу эмес, мекенимди даңазалоо эле. Муну колумдан келишимче аткардым. Бокстон дээрлик кеттим десем болот.

Голливудда мага өзүмдү ойногонду сунуш кылышты. Тасма менин Америкадагы жашоом жөнүндө болчудай. Ал жашоодогу кыйынчылыктар: тилди, элди билбегеним жөнүндө да айтылат. Жессика Альбаны чакыруу пландалган. Сценарий боюнча, Америкада ал менин сүйлөшкөн кызым болот. Бирок дагы чечиле элек каржы маселелери турат. 

Кыргызстан жөнүндө

— Сиз Америкага 2000-жылы Олимпиадада 4-орунду алгандан кийин кеткенсиз. Айтыңызчы, азыр сиз АКШ жаранысызбы же Кыргызстандын жаранысызбы?

Бокс боюнча эл аралык турнирде КР беш алтын медаль утуп алды
— Мен Кыргызстандын жаранымын. АКШга виза менен барып-келип жашайм. 2000-жылы Майк Тайсондун кишилери менин Олимпиада оюндарында чыкканымды көрүп, АКШга чакырышкан. Бирок мен кийин өз өлкөмдүн колдоосу жок чыккан учурларым көп болгон. Өзүм эле биздин желекти көтөрүп чыгып, ушундай өлкө, кыргыз деген эл бар экенин дүйнөгө көрсөтчүмүн. Бирок чиновниктердин колдоосу жок чет мамлекетте бир нерсеге жетишүү өтө кыйын. 

Эки эл аралык адвокат жагынан колдоо көрсөтүшү үчүн мурдагы үч президентке кат жазууга туура келген. Алар үчүн турак-жай, тамак-аш, ал тургай, гонорарды да өзүмө алганга милдеттенгем. Мамлекеттен акча эмес, колдоо сурагам. Бирок, тилекке каршы, мамлекет башчысы кандай болсо, саясатчылар да ошондой болот. Мени колдошкон жок.

Раимкулов мекенине кыргыз спортун жаңы долбоорлор менен колдоо үчүн кайтканын айтты. Май майрамдарынан кийин ал кайра АКШга кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0